Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус дагы 108 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 11 Ноя 2021 | 224 | 0

Кыргызстанда 11-ноябрга карата коронавирус дагы 108 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында – 47, Чүй облусунда – 35, Ош облусунда – 2, Талас облусу — 1, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусу –9, Баткен облусу — 5 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 118 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 552 бейтап, амбулатордук түрдө 797 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 90 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 510 киши айыгып чыкса, 2 миң 697 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM