Биз менен байланышыңыз

Түндүк-түштүк альтернативдик жолундагы эки эстакадалык көпүрө колдонууга берилди (сүрөт)

Кыска кабар | 10 Ноя 2021 | 405 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында эки эстакадалык көпүрөнүн жана Арал – Казарман унаа жолунун ачылыш салтанатына катышты.

Көрсөтүлгөн объектилер Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун бөлүгү болуп саналат, ал эми курулушту аткарган — «Чайна Роад энд Бридж Корп.» компаниясы.

Эстакада көпүрөлөрүнүн узундугу 1076 жана 396 метрди түзөт. Көпүрөлөр жаңы жана заманбап технологияларды колдонуу менен курулган жана Арал-Казарман жолунда жайгашкан.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев Министрлер кабинетинин башчысына Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун алкагындагы долбоорлордун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Андан соң Акылбек Жапаровдун жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин катышуусунда «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында эки эстакадалык көпүрөнү жана 100 км жолду пайдаланууга берүү аземи болуп өттү.

Өкмөт башчы «Кыргызжолтранс» долбоорлоо институтуна, Кытай Өкмөтүнө жана элчилигине, «Чайна Роуд энд Бриджс» компаниясына жана «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушуна катышкан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Салтанаттын соңунда ак ниет эмгеги жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн төмөндөгүлөр сыйланышты:

— Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен Кыргызстандагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча Кытай корпорациясынын (CRBC) улук инженер-лаборанты Тухтаматов Руслан Рустамбекович;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен Кыргызстандагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча Кытай корпорациясынын (CRBC) улук инженер-лаборанты Узубалиев Азамат Дуйшенович;

— Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен Кыргызстандагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча Кытай корпорациясынын (CRBC) Өкүлчүлүгүнүн башкы директору Хоу Хуся;

— Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен Кыргызстандагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча Кытай корпорациясынын (CRBC) башкы директорунун орун басары жана «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулуш долбоорунун менеджери Цзинь Чжэ.

Copyright © 2017 Maral FM