Биз менен байланышыңыз

БШК Мунарбек Сайпидиновду «Азаттык» партиясынын тизмесинен чыгарды

Кыска кабар | 10 Ноя 2021 | 686 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Азаттык» саясий партиясынан талапкер Мунарбек Сайпидинов шайлоого катышуудан баш тартты. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин берген арызын 9-ноябрда өткөн жыйынында карап чыгып, тизмеден чыгаруу чечимин кабыл алышканын кабарлады.

Мунарбек Сайпидинов буга чейин Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Ошондой эле ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 12-январда Сайпидиновго Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) фактысы менен камакка алган.

УКМКнын маалыматына караганда, Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда аткарылган жумуштун көлөмү 1 миллион сомдон ашык суммага ашыкча көрсөтүлгөн. Ошондой эле спорт зал сапатсыз абалда колдонууга берилген.

Кийин Мунарбек Сайпидиновду жоопкерчиликке тартууга негиз болгон жазык иши эскирип, мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу козголгон ишти кыскартуу боюнча Ош шаардык соту ушул жылдын 21-июнунда токтом кабыл алган. Ошондой эле үй камак жазасы башка жакка кетпөө түрүнө өзгөртүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM