Биз менен байланышыңыз

Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Сайпидиновдун иши кыскартылды (аудио)

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 642 | 0

Ош шаардык соту Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновго козголгон кылмыш ишин кыскартты. Бул тууралуу Ош шаардык жана облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы 11-августта «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, Мунарбек Сайпидиновду жоопкерчиликке тартууга негиз болгон жазык иши эскирип, мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу козголгон ишти кыскартуу боюнча Ош шаардык соту ушул жылдын 21-июнунда токтом кабыл алган. Ошондой эле үй камак жазасы башка жакка кетпөө түрүнө өзгөртүлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 12-январда Сайпидиновго Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармаган.

УКМКнын маалыматына караганда, Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда аткарылган жумуштун көлөмү 1 миллион сомдон ашык суммага ашыкча көрсөтүлгөн. Ошондой эле спорт зал сапатсыз абалда колдонууга берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM