Биз менен байланышыңыз

U-23: Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 7 Ноя 2021 | 2199 | 0

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде Эрназар Акматалиев чемпион болду.

Эркин күрөш боюнча 70 кг салмакта күрөшкөн Эрназар Акматалиев финалда Армениянын балбаны Вазген Теванянды 10:2 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Эрназар Акматалиев 1/8 финалда грециялык балбан Кристос Кристофоридисти 12:2 эсебинде, чейрек финалда Алиакбар Алиасгар Фазлыкхалылыны 10:6 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда Азербайжандан келген балбан Мурад Евлоевди 12:8 эсебинде жеңип алган.

Айта кетсек, Эрназар Акматалиев буга чейин Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн чоңдор арасында күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде күмүш медаль тагынган.

Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде Кыргызстан 2 алтын, 1 күмүш алды. Буга чейин Айпери Медет кызы алтын, Бекболот Мырзаназар уулу күмүш тагынган эле.

Copyright © 2017 Maral FM