Биз менен байланышыңыз

U-23: Бекболот Мырзаназар уулу күмүш медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 6 Ноя 2021 | 1302 | 0

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде Бекболот Мырзаназар уулу күмүш медаль алды.

Эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта беттешип жаткан Бекболот Мырзаназар уулу финалдык таймашта Азербайжандын балбаны Алиаббас Рзазадеге 7:6 эсебинде утулуп калды.

Айта кетсек, Бекболот Мырзаназар уулу алгачкы кармашында Гвинея-Бисаудан келген Диамантино Юно Фафени 10:0 эсебинде, чейрек финалда Ирандын балбаны Ахмад Масоуд Мухаммаднежаджаванды 7:0 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда ал Беларусь балбаны Дмитрий Шамеланы 10:0 менен жеңип алган.

Муну менен Кыргызстандын куржунунда 1 алтын, 1 күмүш болду. Буга чейин Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 кг салмакта чемпион болгон.

Copyright © 2017 Maral FM