Биз менен байланышыңыз

U-23: Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 5 Ноя 2021 | 1771 | 0

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиону болду.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта күч сынашкан балбан кыз финалдык беттеште Колумбиянын балбан кызы Татиана Рентерианы 3:1 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Айта кетсек, Айпери Медет кызы алгачкы атаандашы Эквадордун балбаны Генесис Росангела Риаско Валдезди да, чейрек финалда күрөшкөн индиялык балбан кыз Бипаша Бипашаны да 4:0 эсебинде далысын килемге басып утуп, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда АКШдан келген балбан кыз Кайли Ренни Велкерди 8:0 эсебинде жеңип алган.

Айпери Медет кызы кадеттер арасында Азия чемпиону (Тайбэй-2016), жаштар арасында Дүйнө чемпиону (Финляндия-2017). Андан тышкары 4 жолку биринчиликте күмүш, 5 жолку биринчиликте коло медаль тагынган. «Токио-2020» жайкы олимпиадасында 5-орун алган.

Copyright © 2017 Maral FM