Мамлекеттик ипотекалык компания ишмердигин баштаган 2016-жылдан бери 5 500 үй-бүлө өз үйүнө ээ болду. Бул тууралуу аталган компаниянын жетектөөчү адиси Таалай Оморов «Маралдын» эфиринде билдирди.
Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания «Арзан турак жай-2015-2020» программасын ишке ашырды. Ал программанын мөөнөтү 2020-жыл менен бүткөн. Ал эми жаңы мамлекеттик турак жай программасы «Менин үйүм-2021-2026» ушул жылдын июль айында бекитилген. Бул программа боюнча кредиттер сентябрь айынан берилип баштады. Бир айдын ичинде 300 үй-бүлө өз үйүнө кирди.
«Буга чейин ипотекалык кредиттер 6-7-8% менен 15 жылдык мөөнөткө берилчү. Бүгүнкү күндө пайыздык чен — 4%, мөөнөтү — 25 жыл. Бул жарандар үчүн кыйла жеңилдик болду. Андыктан ипотекага суроо-талап да бир нече эсе көбөйдү», — дейт Оморов.
Анын айтымында, азыркы учурда ипотекалык насыяны бюджеттик мекемелердин кызматкерлери: мугалимдер, дарыгерлер, милиция кызматкерлери, аскер адамдары алып жатышат.
1 пикир