Connect with us

«Мамлекеттик органдарга ишеним жогунан ишкерлер көмүскөгө кетишет»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Ноя 2021 | 265 | 0

Жеңил өнөр жай тармагында да көмүскө иштегендер аз эмес. Бул тууралуу жеңил өнөр жай профсоюзунун төрагасы Алмабүбү Жаркынбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал буга себеп катары бир нече факторду атады: биринчиси, ишкерлердин мамлекеттик органдарга ишениминин жоктугу; экинчиси, ишке кирген жаранда маалыматтын жоктугу; үчүнчүдөн, туруктуулуктун жоктугу.

«Кээ бир жарандар «элдин баары эле ушинтип иштеп жатат» деген ойдо эмгек келишимин сурабай, айлык акысын, канча саат иштеш керектигин тактабай эле иштей беришет. Анан алар бир жерде туруктуу иштебей, бир цехтен экинчи цехке жеңил өтүп кете беришет. Дагы бир көйгөй иш берүүчү да, иштей турган адам да бүгүнкү күнүн, бүгүнкү маянасын гана ойлоп жатат. Бул маселени 3 тараптан чечпесек, чече албай жатабыз. Биздин тармакта көбүнчө жеке ишкерлер болуп жатат. Алар — акырындап акча топтоп, алгач 2-3 жумуш ордун түзүп, бизнесин акырындан баштаган адамдар. Бизде мыйзамдар улам өзгөрөт. Жаңы иш баштагандарга убагында жеңилдик берилбейт. Анан бири расмий иштеп, башкасы көмүскөгө кетип жатат. Мындайда атаандаштык да туура эмес болуп калат экен», — деди ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда эмгекке жарамдуулар 2.5 миллионго жакын. Ал эми пенсионерлер 700 миңдей.

«Бир пенсионерге 3 иштеген киши туура келсе жакшы болмок дешет. Бизде туура келет. Бирок ошол 3 адам тең расмий иштеп, мамлекетке салык төлөгөндө, Кыргызстандын өнүгүшүнө жакшы болмок», — деген ойдо Алмабүбү Жаркынбаева.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM