Биз менен байланышыңыз

Белград-2021: Айпери Медет кызы алтын үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 3 Ноя 2021 | 2381 | 0

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде Айпери Медет кызы финалга өттү.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта күч сынашып жаткан балбан кыз алгачкы атаандашы Эквадордун балбаны Генесис Росангела Риаско Валдезди да, чейрек финалда күрөшкөн индиялык балбан кыз Бипаша Бипашаны да 4:0 эсебинде далысын килемге басып утуп, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда АКШдан келген балбан кыз Кайли Ренни Велкерди 8:0 эсебинде жеңип алды.

Айпери Медет кызы эртең финалда Колумбиянын балбаны Татиана Рентериа менен күрөшөт.

Copyright © 2017 Maral FM