Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ФИФАнын алкагында эки өлкө менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Биринчи беттеш 11-ноябрда Сингапур курамасы менен болот. Оюн Бириккен Араб Эмиратынын Шаржа шаарындагы «Аль-Хамрия» стадионунда өтөт.
Экинчи оюнда 16-ноябрда Манама шаарында Бахрейн курамасы менен беттешет.
Кыргызстандын курамасы 2-ноябрда Дубайда машыгууларын баштады. Бул окуу-машыгуу жана жолдоштук беттештер 2023-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандоо оюндарына даярдык катары да өткөрүлүүдө.
Эскерте кетсек, 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун квалификациясынын финалдык туру үй-конок форматынан борборлоштурулган форматтагы бир айлампалуу турнирге өзгөртүлгөн. 2023-жылы болуучу Азия Кубогуна тандоо турунун тайпалык этабынын оюндары 2022-жылы 8-июнда, 11-июнда жана 14-июнда болот.
Чучукулак өткөрүү күнүн Азия футбол конфедерациясы кийинчерээк жарыялайт.