Биз менен байланышыңыз

Футбол боюнча улуттук курама ноябрда эки беттеш өткөрөт

Кыска кабар , Спорт | 3 Ноя 2021 | 361 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ФИФАнын алкагында эки өлкө менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Биринчи беттеш 11-ноябрда Сингапур курамасы менен болот. Оюн Бириккен Араб Эмиратынын Шаржа шаарындагы «Аль-Хамрия» стадионунда өтөт.

Экинчи оюнда 16-ноябрда Манама шаарында Бахрейн курамасы менен беттешет.

Кыргызстандын курамасы 2-ноябрда Дубайда машыгууларын баштады. Бул окуу-машыгуу жана жолдоштук беттештер 2023-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандоо оюндарына даярдык катары да өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун квалификациясынын финалдык туру үй-конок форматынан борборлоштурулган форматтагы бир айлампалуу турнирге өзгөртүлгөн. 2023-жылы болуучу Азия Кубогуна тандоо турунун тайпалык этабынын оюндары 2022-жылы 8-июнда, 11-июнда жана 14-июнда болот.

Чучукулак өткөрүү күнүн Азия футбол конфедерациясы кийинчерээк жарыялайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM