Биз менен байланышыңыз

«Пандемия мамлекеттин керек экенин көрсөттү»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Ноя 2021 | 272 | 0

21-24-октябрда Сочи шаарында «Валдай» дискуссиялык клубунун кезектеги отуруму болуп өттү. Ага бүт дүйнө жүзүнөн эксперттер катышты.

«Глобалдуу силкинүү  – XXI: адам, баалуулуктар, мамлекет» аталышында өткөн бул отурумда кайсы негизги маселе көтөрүлгөнүн экономист Кубат Рахимов «Маралдын» эфиринде айтып берди.

Анын айтымында, «Валдай» эл аралык клубунун бул жолку отуруму бир жагынан пандемияга арналса, экинчи жагынан «глобалдуу силкинүү» деп аталып, өтө кызыктуу контекстте каралды. Бул жолугушууга онлайн кошулгандарды, ачык сессиянын көрүүчүлөрүн эсепке албаганда, көзмө-көз катышып отурган 140 эксперт коомдун жана мамлекеттин ортосундагы мамилеге байланышкан абдан маанилүү жагдайларды талкуулашты. Анда мамлекет эч кайда кетпегени, эркиндикке умтулуп, бийликти, башкарууну танган адамдар да пандемия учурунда мамлекетти издеп, андан жардам күтүп калганы айтылды.

«Экинчиден, бардык карантиндик чаралар суверендүүлүк сакталып, мамлекеттик чек арадан өтүүдө чектөө болушун талап кылды. Муну баары сезди. Башкача айтканда, чек араны жабуу үчүн ошол чек ара болушу керек экенин түшүнүштү.  Эгер биз кошуна Өзбекстан, Тажикстан менен мамилебизди ала турган болсок, тактала элек тилкелерде кантип карантиндик чараларды сактайбыз? Кызыктуу суроо, бирок ал жаралды», — дейт экономист.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул клубдун президенти — Орусия лидери Владимир Путин. Буга чейин отурумдар онлайн өтүп келсе, бул жолу Путин эксперттер менен 4 сааттай бетме-бет сүйлөштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM