Биз менен байланышыңыз

Куткаруучулар өрт өчүрүү боюнча машыгуудан өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 336 | 0

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкек шаарындагы №3 өрт-куткаруу бөлүгүнүн базасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары жана Чүй облусундагы өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн машыгуу өткөрүлдү.

Максаты өрт өчүрүүчү-куткаруучуларды ар кандай татаалдыктагы өрткө, чукул кырдаалдарга даярдоо, өрт өчүрүүчүнүн даярдыгынын деңгээлин аныктоо болуп эсептелет.

Бишкекте жылына 500дөн ашык өрт катталат. Анын көбүн өчүрүү кыйынчылык менен ишке ашат.

Өрт тилкесиндеги психологиялык машыгуу — өрт учурундагы реалдуу шарттарга мүмкүн болушунча жакын болгон объектилердин жана тоскоолдуктардын комплекси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM