Биз менен байланышыңыз

Жапаров БУУнун климат боюнча конференциясында сөз сүйлөдү

Видео , Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 4302 | 0

Президент Садыр Жапаровдун климаттын өзгөрүүсү боюнча дүйнө лидерлеринин Саммитинде сүйлөгөн сөзү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасады.
Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу мамлекет жана өкмөт башчылары,
Урматтуу БУУнун Башкы катчысы,
Урматтуу Төрага,

Сөзүмдүн башында учурдагы пандемиялык кыйын кырдаалда конференцияны өткөрүп жаткандыгы үчүн Улуу Британия менен Италиянын өкмөттөрүнө ыраазычылык билдирем.
Бүгүн Кыргызстан бүткүл дүйнө жүзү сыяктуу эле Глазго саммитинин чечимдерин күтүп жатат.
Акыркы жылдары өлкөбүздүн табияты жана калкы климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерин кадимкидей сезе баштады.
Ошондуктан Кыргызстан Париж келишиминин духун жана максаттарын сактай тургандыгын билдирип кетем.
Аны ишке ашыруудагы татаал кыйынчылыктарга карабай, биз позитивдүү маанайдабыз.
Климаттын өзгөрүүсүн басаңдатуу боюнча глобалдык өнөктүккө, анын ичинде 2030-жылга чейинки Улуттук деңгээлде аныкталган салымынын алкагында Кыргызстан жоопкерчиликтүү жана ар тараптуу катышууну улантат.

Урматтуу делегация башчылары,

Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын кырк төрт (44%) пайызга кыскартуу максатын коюп жатат.
Бүгүнкү күндө дүйнөлүк эмиссиянын түзүмүндө биздин өлкөнүн үлүшү анча чоң эмес, болжол менен нөл бүтүн жүздөн үч (0,03%) пайызды түзөт, ал эми эмиссиянын табияты өндүрүштүк эмес, адамдардын жашоосуна байланышкан, башкача айтканда антропогендик мүнөзгө ээ.
Биздин эсептөөлөргө караганда, климаттын өзгөрүүсүн токтотууга багытталган орто мөөнөттүү шашылыш чараларды ишке ашыруу үчүн жети миллиард АКШ доллары талап кылынат.
2050-жылга чейин Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасында көмүртексиз жетишүүгө аракет кылат.
Кайра жаралуучу энергия булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика – көмүртексиз саясаттын локомотиви болуп калмакчы.
Биз табиятка зыян келтирбестен, өнөр жай тармагын жана турак жай коммуналдык секторун көмүртектик энергия булактарынан, биринчи кезекте көмүр жана мазутту колдонуудан арылтып, аны электр энергиясына толук өткөрүү үчүн кичи жана орто гидроэлектр станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну баштадык.
Бүгүнкү күндө онго чукул кичи жана орто гидроэлектростанциялар курулуп жатат. Айрымдары жакында эле ишке берилди. Жарым жартылайы келерки жылдын акырына барып ишке киргизилет.

Париж келишиминин духуна ылайык, мен өнүккөн өлкөлөрдүн инвесторлорун гидроэнергетикалык тармакта, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде өз ара пайдалуу кызматташууга чакырам.
Прогрессивдүү технологиялар, инновациялар жана ноу-хау болбосо, Кыргызстан үчүн пландаштырылган мөөнөттө “жашыл” экономикалык өсүшкө жана көмүртексиз жашоого жетүү кыйын болот.
Буга байланыштуу бардык кызыкдар тараптарды, биринчи кезекте эл аралык көп тараптуу банктарды, климаттык фонддорду жана корпорацияларды биз менен олуттуу диалогго чакырам.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Кыргызстан үчүн кылымдардан бери келе жаткан мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу өтө маанилүү.
Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай прецеденттер бар, ошондуктан мен дүйнөлүк коомчулукту мындай бизнес практикасына биргелешип каршы турууга чакырам.
Ыңгайлашуу программалары жана долбоорлору айыл чарба, суу ресурстары, энергетика, өнөр жай, өзгөчө кырдаалдар, калктын саламаттыгы, токойлор жана биотүрдүүлүк сыяктуу аялуу секторлордо ишке ашырылат.
Биздин өлкөнүн токсон төрт пайызы тоолор экенин эске алсак, алдыдагы иштердин масштабы эбегейсиз.
Аларды ишке ашыруу дээрлик үч миллиард АКШ долларын талап кылат.

Урматтуу Саммиттин катышуучулары!

Климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине байланыштуу мен айткан көйгөйлөр көп жагынан көптөгөн тоолуу өлкөлөргө мүнөздүү.
Аларды чечүү үчүн өкмөттөргө, анын ичинде Кыргызстандын өкмөтүнө тышкы жардам зарыл.
Буга байланыштуу биз Глазгонун чечимдеринде өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө, максаттуу каржылоону кароону сунуштайбыз.
Атап айтканда, биз мөңгүлөрдү, токойлорду жана биологиялык көп түрдүүлүктү сактоого, табигый кырсыктарга даярдыкты жакшыртууга, тоолуу жамааттарга, айрыкча аялдарга жана балдарга социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө басым жасоо менен, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун калкасында атайын фонд түзүүнү сунуштайбыз.
Узак жана кооз сүйлөгөндөрдүн доору өттү, максаттуу, ырааттуу жана натыйжалуу аракет кылууга убакыт келди.
Сөзүмдүн соңунда, мен биргелешкен аракеттер аркылуу гана көйгөйлөрүбүздү чече аларыбызды баса белгилегим келет.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат !”

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM