Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров Глазго шаарына жөнөп кетти

Кыска кабар | 31 Окт 2021 | 398 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда иш сапар менен Улуу Британиянын Глазго шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өлкө башчы иш сапардын алкагында БУУнун климаттык өзгөрүү боюнча конвенциясынын XXVI конференциясына катышып, Саммитте кайрылуу жасайт. Ошондой эле конференцияга келген президенттер, эл аралык климаттык уюмдардын жана өнүктүрүү банктарынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.

Президент Садыр Жапаровду төмөнкү өкүлдөр коштоп барат:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов;

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев.

Улуу Британия жана Италия өлкөлөрү уюштурган БУУнун климаттык өзгөрүүлөр боюнча конвенциясынын XXVI сессиясы 31-октябрдан 12-ноябрга чейин Глазго шаарындагы Шотланд конгресс борборунда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM