Биз менен байланышыңыз

Жыл аягына чейин вакцина сактоочу 500 муздаткыч алынып келет

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2021 | 295 | 0

Өлкөгө келген вакциналардын баары атайын муздаткычтарда сакталып жатат. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Ишенапысова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, вакциналарды сактоо үчүн атайын муздаткычтар керек. Алар электр энергиясы өчүп, же бир нерсе болгондо 3 сааттан жогору, же 6 сааттан жогору, же 3 күн температуралык режимди кармайт. Мындай муздаткычтар өлкөдө миң эмдөө пункту болсо, ошолорун баарына жеткирилген.

«Биз бюджетке күч келтирбей, каякта гуманитардык жардам болуп жатса, ошол жакка кайрылып, өтүнмө таштагыла деген буйрук алганбыз. Өтүнмө жазуу да оңой эмес, биз 3 айдай иштедик, ошол кетирген өтүнмөлөрүбүздүн баары жактырылды. Бир берген өтүнмөбүз 200 миң долларга чейин. Анткени бул муздаткычтардын өзүнүн баасы эле 1000 доллардан — 6000 долларга чейин. Ошон үчүн биз аракет кылдык, турмуш-тиричилик муздаткычын алып койсок бат болмок. Бирок биз атайын муздаткыч болсун, элде күмөн саноо болбосун деп аракет кылдык», — дейт ал.

Гүлбара Ишенапысова жылдын аягына чейин кошумча 500дөй муздаткычтын келиши күтүлүп жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM