Connect with us

Бишкекте 30-октябрдан тарта Pfizer вакцинасын алууга болот

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2021 | 368 | 0

30-октябрдан тарта Бишкек шаарынын жашоочулары Pfizer вакцинасын алса болот. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Ишенапысова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанга 259 миң 740 доза Pfizer вакцинасы келди. Аларды -70 градуста сактай турчу муздаткычтар бир ай мурун дайындалып, улуттук кампага коюлган.

«Медицина кызматкерлери Pfizer вакцинасы менен эмдөө жүргүзүү, муздаткычты колдонуу боюнча окуудан өтүштү. Азыр вакциналар тоңдурулуп турат. Колдонордун алдында аны эритебиз да, түштөн кийин Бишкек шаарына таратабыз. Баарын эмес, керектөөгө жараша, 5-6 миңден дозалар эритилип турат. Ал «разморозка» болгон вакциналарды  кадимки «Синофарм», AstraZeneca сыяктуу эле +2,+8 градуста, бир ай сактаса болот экен», — дейт ал.

Бул вакцинаны бардык каалоочулар ала алат. Бишкек жана Чүйдө ачылган эмдөө пункттары демалышсыз иштегендиктен, эртеңден тарта жарандар сурап, сайдырып башташса болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM