Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Камчыбек Ташиевдин инисине эскертүү берилди

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 348 | 0
Сүрөт: Өткүрбек Рахманов / телеканал «Регион ТВ»

Парламенттик шайлоого Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №14 округдан талапкер болгон Шайырбек Ташиевге жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Ал мөөнөтүнөн мурун үгүт жүргүзгөнү кабарланды.

23-октябрда БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылындагы Муратовдордун үй-бүлөсүнө жеке үйдүн ачкычтары тапшырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Анда айтылгандай, муктаж үй-бүлөгө ачкычты УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тапшырган. Бул билдирүүнү БШК аны Ички иштер министрлигине кароого жөнөткөн.

Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Барпы айылындагы муктаж үй-бүлөгө жеке ишкер курган жаңы үйдүн ачкычын тапшырганын, бирок ал айыл тургундарынын акчасына салынганын билдирген.

Бирок БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова турак жайдын курулушу тууралуу маалымат телеканалдар аркылуу берилип жатканын, бул үгүт катары караларын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM