Биз менен байланышыңыз

«Салыктык санкциялар боюнча адилеттүү принципти киргизип жатабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Окт 2021 | 338 | 0

Салык кодексинин жаңы редакциясында туумдар өзгөртүлгөн жок. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Бекболот Алиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Азыркы күндө туум 0,09%ды түзсө, жаңы редакцияда туум ошол эле пайызды түзөт.

«Бизнес ишкерлерден акыркы мезгилде туумду өзгөртүү, азайтуу сунушу болуп жатат. Муну албетте, талкууга салса болот. Бирок азыр өзгөргөн жок. Салыктык санкциялар боюнча тескерисинче, адилеттүү принципти киргизип атабыз. Аны колдонгондор түшүнөт.  Колдонуп көргөнгө чейин ар бир өзгөрүү тынчсызданууну пайда кылат. Салыктык санкциялар кимге колдонулат? Салык төлөбөгөн, отчётун бербеген, каттоодон өтпөгөн, мыйзамды аткарбаган ишкерлерге колдонулат. Мурда салыктык санкцияларда былтыркы жылдын кирешелерине салыштырмалуу канча салык төлөбөй койсо, ошого карата санкция колдонулат деп көрсөтүлгөн болчу. Эгер ишкер отчетун такыр тапшырбаса, каттоодон өтпөсө, былтыркы жылдын кирешеси жок болсо, анда салыштырмалуу бул санкциялар эсептелбей калат экен. Ошондуктан дүйнөлүк практиканы да карап көрдүк. Эгерде салык төлөбөй койгон өлчөмү төлөй турган өлчөмдөн 10%ды түзсө, анда эч кандай санкция колдонулбайт. Эгер 40-50%ды түзсө, анда санкциянын 50%ын колдонолу, андан өтүп кетсе, башкача айтканда, толук эле салыгын төлөбөй койсо, анда салыктык санкцияны биз да ишке киргизели дедик», — дейт министрдин орун басары.

Ал санкциялар, туумдар боюнча дагы 2 жакшы норма кирип жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM