Биз менен байланышыңыз

«Салык кодексинин жаңы редакциясы экономиканы тез арада өнүктүрүүнү көздөйт»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Окт 2021 | 390 | 0

Салык кодексинин жаңы редакциясы пандемиядан кийин экономиканы тез арада бутуна тургузуу максатында жазылды. Мындай пикирин экономика жана коммерция министринин орун басары Бекболот Алиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кечээ Жогорку Кеңеш биринчи окууда жактырган жаңы редакцияда олуттуу өзгөрүүлөр бар. Алардын баары ишкерлерге, бизнес чөйрөсүнө жакшы шарттарды түзүп берүүгө багытталган.

«Эч кандай жаңы салыктын түрүн чыгарган жокпуз, же өлчөмүн көбөйтүүнү караган жокпуз. Пандемиядан кийин экономикабызды жакшы өңүттө, тез арада өнүгүп кетүүсүнө шарт түзүү үчүн гана жаңы Салык кодексинин редакциясын жазып чыкканбыз. Жаңы редакцияда эки негизги режим каралып жатат: жалпы салыктык режим; бирдиктүү салыктык режим. Жалпы салыктык режим ири компанияларга таандык болот. Ири компаниялар дүйнөлүк рынокто, дүйнөлүк карым-катышта болгондо булардан ачык-айкын, дүйнөлүк стандарттарга ылайык отчёт жүргүзүү талап кылынат. Ошондуктан бул ири компанияларга ыңгайлуу», — дейт аткаминер.

Ал эми бирдиктүү салык режими акча жүгүртүү, кызмат көрсөтүү же товар айлантуунун көлөмү жылына 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто бизнестин ишмердигине киргизилип жатат. Бул режим бир гана салыктын түрүн төлөөгө жана бир гана отчет тапшырууга шарт түзөт. Муну менен «Бир салык төлөөчүгө — бир салык» деген принцип ишке ашырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM