Connect with us

Юрист: Мектептерде дин таануу сабагынын киргизилиши туура

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Окт 2021 | 657 | 0

Мектептерде дин таануу сабагынын киргизилиши туура. Мындай пикирин юрист Эржан Кайыпов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, дин таануу сабагы — диний агартуу эмес, окуучуларга дин деген эмне, дүйнөдө кандай диндер бар, качан келип чыкканы тууралуу жалпы маалымат, түшүнүк берүү. Максаты: балдарга негизги диндер тууралуу маалымдоо, сабаттуулугун өстүрүү.

«Бирок ошол сабакты өтө турган, жалпы динди тааныган адистер барбы, алар кандай тарбия берет, маселе ошондо. Бизде субъективдүү факторлор күчтүү, мисалы мугалимдин өзүнүн тигил, же бул динге болгон мамилеси анын ошол сабагына, окуучуларга берген багытына да таасир этет. Бирөө балким бир динге басым кылып коёт, бирөө тескеринче, бүт динге каршы багыттайт»,  -дейт юрист.

Ал эми тарбия маселесине келгенде, мамлекетке бардыгын жүктөгөнгө болбойт, ал — ата- эненин да милдети жана укугу. Ошол эле мезгилде мугалимдер — мамлекеттин өкүлү, мугалим окуучуну басмырлаган учурда мамлекет жаранды басмырлаган болот. Ошондуктан мугалимдер арасында дагы сабырдуулук тууралуу түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзүү керек. Себеби адам укугун чектөө адамды радикализацияланууга алып келет. Бул өз кезегинде биз каалабаган натыйжага алып келиши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM