Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Эсенгулов Маданият министринин орун басары болду

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 1591 | 0

Чыңгыз Эсенгулов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Эсенгулов «Маралга» өзү тастыктады.

Ал бүгүн эмгек жамаатына тааныштырылды.

Чыңгыз Эсенгулов 34 жашта. Ал мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Сооронбай Жээнбеков, Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кубатбек Бороновдун тушунда маалымат катчы жана өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеген.

Буга чейин Чыңгыз Эсенгул уулу «Алмаз-Нарын» радиосунда, КТРКда жана Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматында иштеген.

Өмүр баяны:

Чыңгыз Эсенгулов 1987-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиги боюнча аяктаган. Кийин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында билим алган.

Эмгек жолу:

2006-жылы «Теңир-Тоо» радиосунда кабарчы жана алып баруучу;

2006–2007-жылдары «Алмаз-Нарын» радиосунда кабарчы жана алып баруучу;

2007–2008-жылдары КТРКда «Ала-Тоо» программасынын алып баруучусу,

2008-жылы Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында консультант;

2009–2011-жылдары КТРКнын «Ала-Тоо» программасынын жооптуу редактору жана алып баруучусу, ошол эле учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз катчысы;

2011–2012-жылдары Транспорт жана коммуникациялар министринин кеңешчиси;

2012–2013-жылдары Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият боюнча атташеси;

2013–2016-жылдары «Актив-Курулуш» ЖЧКсы;

2016-жылы Өкмөттүн маалымат катчысы.

Чынгыз Эсенгулов — АКСЫНЫН «ОРУС» КҮЙӨӨ БАЛАСЫ

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM