Биз менен байланышыңыз

Суранбаев: Сасык тумоого чалдыккандардын көпчүлүгү — окуучулар

Блог , Ден соолук , Маек | 28 Окт 2021 | 2842 | 0

Жыл сайын кышкысын мезгилдик оорулар күч алат. Бирок быйыл суук эрте түшүп, КРВИ, грипп сыяктуу сасык тумоо оорулары өз мөөнөтүнөн алда канча эрте башталганын, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир канча эсеге көп экенин адистер белгилешет. Дарыгерлер бир жагынан коронавирус, бир жагынан сасык тумоо каптап, ооруканаларда орун калбай калуу коркунучу бар экенин айтышууда. Бул маселе боюнча Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөл департаментинин жетектөөчү адиси, дарыгер Султан Суранбаев менен маектештик.

— Өлкөдө сасык тумоо күч алып жатат. Буга эмне себеп болушу мүмкүн?

— Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл көп катталып жатат. Былтыркы жылы декабрь айында көп катталса, быйыл октябрга туш болду. Октябрдын башында үч миңден ашуун катталса, октябрдын он жетисинен чейин кийин беш миң учур катталып, бүгүнкү күндө он миңге жетти. Бул эмнени түшүндүрөт? Бул оорунун ошончолук бат таралуусу десек болот. Былтыр бул мезгилде аталган оорулар аз санда болгон. Биз ал убакта коронавирус менен күрөшүп жүргөнбүз. Бардык билим берүү мекемелери токтотулган, аралыктан окуу жүргүзүлгөн. Азыр бул мекемелердин баары иштеп баштады. Бул да белгилүү себептердин бири болуп жатат.

— Сасык тумоо менен коронавирус кайсы убакта көп катталат? 

— Бул оору быйылкы жылдын октябрь айынан эле башталган. Сасык тумоо, коронавирус көбүнчө аба аркылуу жуугат. Сасык тумоо менен курч мүнөздөгү респиратордук оорулар негизинен мезгилдик ооруларга кошулат. Октябрь айынын тарта февраль, мартка чейин узарат. Өзгөчө декабрда күчөйт. Андан кийин басаңдайт. Бирден-бир себеби: аба ырайынын төмөндөшү. Качан аба ырайы төмөндөгөндө вирустар айлана-чөйрөдө туруктуу болуп калат. Жугуу жолдору ылдамдык менен өсөт. А жайында билесиңер, вирустар активдүү боло алышпайт.

— Учурда ооруканалардын абалы кандай?

— Статистика боюнча жакшы. Республика боюнча ооруканаларда жетиштүү койкалар бар. Былтыр 1500 койка ачылса, бүгүнкү күндө 80 оруну бош, кошумча 300 орун бар. Элдин саны көбөйгөн сайын биз керектүү койкаларды ачууга дараметибиз жетет. Бүгүнкү күндө өлкөгө 130 миң доза вакцина алып келинди. Тобокел топтогу адамдарга: 60тан өйдөкү улгайгандарга, өнөкөт оорусу барларга, кош бойлуу аялдарга, жаш балдарга эмдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Азыркы тапта 42 миңден ашуун жаранды эмдөөгө жетиштик деп айта алабыз. Бул да болсо, ооруну азайтууга чоң көмөк. Сасык тумоо оорусунун азыр 43 учуру катталды. Бул да бат эле көбөйүү коркунучу бар.

— Сасык тумоого чалдыккандардын басымдуу бөлүгү кайсы курактагылар?.. 

— Жаш балдардын арасында 68 пайыздан 70 пайызга чейин жетти. 14 жашка чейинки балдардан көп катталууда. Өзгөчө мектеп окуучулары чалдыгып жатат. Эң башкы себептердин бири: балдар коомдук жайда социалдык аралыкты, тазалыкты жакшы сактабагандыктан. Анан маска, антисептик колдонушпайт. Дагы бир себептердин катарында, өлкөдө мектептин жетишсиздиги. 250дөн ашуун мектепте орун жетишпейт. Мисалы, Бишкек шаарында бир орунга үчтөн окуучу отурууга тура келет. Мындай болгондо социалдык аралык такыр сакталбай калып, оорунун кайра да күчөшүнө себеп болот.

— Сактануу, алдын алуу чараларын да айта кетсеңиз? 

  • Колду самындап бат-баттан жууп туруу же спирт менен сүртүү;
  • Жөтөлгөндө, чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бетаарчы менен жабуу;
  • Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;
  • Эт жана жумурканы жакшылап бышырып колдонуу;
  • Жапайы жандыктарга жана канаттууларга жакындабоо;
  • Коомдук жайларда медициналык маска тагынып жүрүү;
  • Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.

P.S.: Султан Суранбаев сөзүнүн соңунда сөзсүз эмдөөдөн өтүү керектигин эскертти. Статистикага таянып айтсак, акыркы бир жумада эле 10 миң адам сасык тумоого, коронавируска чалдыккан. Жалпы тогуз айда бул оорулар 150 миңден ашуун адамга жуккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM