Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана анын орун басарлары мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун Бишкектеги эстелигине гүл койду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Исхак Раззаков – Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүсүнө зор салым кошкон инсан болгонун айтты. Өз өлкөсүнө ак ниет жана берилүү менен кызмат өтөөнүн жаркын үлгүсү болгонун белгиледи.
Өлкөдө мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленүүдө. Ал 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунистик партиясынын биринчи катчысы кызматын ээлеген.