25-октябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында даңазалуу мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленди.
Иш-чаранын катышуучуларына Исхак Раззаковдун жашоосу жана ХХ кылымдын ортосунда кыргыз эли басып өткөн негизги тарыхый учурлар жөнүндө театрлаштырылган спектакль көрсөтүлдү.