Биз менен байланышыңыз

«Азыркы өкмөт мурункуга салыштырмалуу кесипкөйлөрдөн куралды»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2021 | 437 | 0

Азыркы Министрлер кабинети бир топ кесипкөй кадрлардан куралды. Мындай пикирин «Улуттар биримдиги» партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда кырдаал оор. Каатчылык, кризис бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнөдө болуп жатат. Аны ар кайсы мамлекет ар кандай түрдө кабыл алып, өткөрүп жатат.

«Ал кризис бизди да кыйгап өткөн жок. Кырдаал оор, ушундай шартта 4 миллиарддаган сумманы аткаруу кыйын. Бирок мен калыс сөзүмдү айтсам, мурдагы өкмөттөргө караганда, азыркы өкмөт бир топ профессионал кадрлардан куралды. Бардыгын эле жаман деген болбойт, бардыгын сындап отурган болбойт. Азыркы өкмөттүн арасында чыныгы профессионалдар да бар, жаштарыбыз да бар. Баштала электе эле сындабай, ниет кылып туралы», — деди ал.

Ал оппозиция бийликке карата конкреттүү, альтернативдүү программалардын, экономикалык моделдин аянтчасы экенин, тең тайлашуу, такмазачылыкты коё туруу зарылдыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM