Биз менен байланышыңыз

Мелис Мырзакматов: Шайлоонун таза өтүшүнөн чоң күмөн бар

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2021 | 2148 | 1

Шайлоонун таза өтүшүнөн күмөн санатуучу бир нече фактор бар. Мындай оюн «Улуттар биримдиги» партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Биринчиси, элдин калың катмарынын БШКга болгон ишениминин жоктугу; экинчи фактор, былтыркы октябрь окуяларына себепкер болгон партиялардын жана талапкерлердин 90%дан ашыгынын быйыл да жарышка катышып жатышы.

«Демек, эч нерсе өзгөргөн жок. Ошол эле акча, ошол эле мафия ар кандай тондорду жамынып, ар кандай партияларга секирип кайрадан баратышат. Үчүнчү фактор, бир жыл бою, бийлик алмашкандан бери, кайсы районго барбаңыз, кайсы деңгээлдеги жетекчини «Кимдин кадры? Ким аркылуу келди?» деп сурабаңыз, ошол эле президенттин айланасындагы 2-3 адамдын атын айтат. Демек, алар кандайдыр бир милдеттенме менен барды десек болот. Мына азыр эле шайлоо баштала элек жатып, ар кандай деңгээлдеги чиновниктердин, укук коргоо органдарынын кийлигишип жатканы жөнүндө ЖМКларга чыгып жатат. Демек, кийлигишүү бар. Демек, шайлоонун таза өтүшүнө чоң күмөн бар», — дейт саясатчы.

Ал буга карабастан президент алдына чоң максат коюп жатканын, демек ошол киришип жаткан, билдирбей жасап коем деген күчтөр, эски өнөрүн кармата турган күчтөр, олигархтар президенттин эскертүүсүн эске алышы керектигин билдирди. Саясатчынын пикиринде, эгер алар мурдагыдай тоготпой, же мени көрбөй калат деген эски жосунду баштаса, анда шайлоо таза өтпөйт, жыйынтыгы абдан аянычтуу болуп калышы мүмкүн.

1 пикир

1 пикир

  1. Таке

    28.10.2021 23:11

    Озунуз айткан биринчи?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM