Биз менен байланышыңыз

Мырзакматов: Мамытов боюнча чечимге саясий боёк берүүнүн кажети жок

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2021 | 1301 | 0

БШКнын Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду талапкер катары каттабай коюшуна саясий боёк берүүнүн кереги жок. Мындай оюн «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматов «Маралдын» эфиринде билдирди.

«Бул чечимге эч кандай таң калуунун кереги жок. БШК мыйзамга таянды. Мыйзам чегиндеги чечим болду деп ойлойм. Буга саясий боёк берүүнүн кажети жок», — деди ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы Талант Мамытов 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого «Ынтымак» партиясынын тизмесинде барары белгилүү болгон. Кечээ, 24-октябрда БШКнын жумушчу тобу анын төрагалык кызматын тапшырбаганын эске алып, талапкер катары каттоодон баш тартты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM