Биз менен байланышыңыз

Жапаров мигранттар үчүн түзүлгөн шарттарды айтып берди

Кыска кабар | 23 Окт 2021 | 427 | 0

Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекеттердин аймагында иштеген кыргыз мигранттарынын пенсиялары жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн маалымат жыйында кабарлады.

Ал чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мекендештер менен бир нече жолу жолугушканын жана бөтөн жерде нан таап, үй-бүлөнү багуу канчалык кыйын экенин жакшы билерин айтты. Ошондуктан эмгек мигранттарын колдоо максатында, мыйзам кабыл алынды.

Анын негизинде мигранттар документтерин, маалыматтарды автоматташтырылган система аркылуу алууга шарт түзүлдү. Быйыл марттан баштап ID-карттарды Консулдук кызматтар аркылуу алуу башталды. Чет мамлекетте туруп жалпы жарандык паспортту алууга мүмкүн. Консулдук кызматтардын тарифтери төмөндөдү.

Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн  маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Президент: Жакында бульдозерлер, бронотехникалар кураштырыла баштайт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM