Биз менен байланышыңыз

Президент: Эски, алдамчы шайлоо системасын жойдук

Кыска кабар | 23 Окт 2021 | 750 | 0

2021-жылы президенттик шайлоо жана референдум өтүп, жаңы Конституция кабыл алынды жана жаңы шайлоо системасы киргизилди. Муну менен эски алдамчы шайлоо системасы жоюлду. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы өз баяндамасында өлкөдөгү экономикалык абалга токтолду. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түз насыяларды бере баштаганын айтты.

Мындан сырткары экономикалык кризиске каршы турукташтыруу фонду түзүлгөнүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM