Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Бизде электр энергиясы арзан болгондуктан үнөмдөбөйбүз

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 306 | 0

Бизде электр энергиясы арзан болгондуктан үнөмдөбөйбүз. Базарларда, унаа оңдоочу жайларда, көчөлөрдө күндүзү жарык өчүрүлбөй турат. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын республикалык кеңешмесинде билдирди.

Ошондой эле ал жарыктын баасы коңшу өлкөлөрдөгүдөй кымбат болгондо, калк өзү сарамжал колдонууга өтмөктүгүн белгилеп, жергиликтүү бийликти жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

Президент ошондой эле аймактардагы негизги көйгөйлөр болгон суу, жайыт, байланыш жана финансы-экономикалык маселелерге токтолду.

Copyright © 2017 Maral FM