Биз менен байланышыңыз

Чынарбек Изабеков ардагерлер арасында Дүйнө чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 20 Окт 2021 | 860 | 0

Грециянын Лутраки шаарында ардагерлер арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде Чынарбек Изабеков  чемпион болду.

Эркин күрөштүн D дивизионунда (50-56 жаш арасы) 100 кг салмакта күрөшкөн балбандар айлампа системасында күч сынашты.

Бул салмакта Кыргызстандын атынан катышкан Чынарбек Изабеков биринчи айлампада Ирандын балбаны Фарзад Хосеин Хелалини 8:4 эсебинде, экинчи айлампада АКШ балбаны Эрик Отис Хинклини 8:0 эсебинде утуп, үчүнчү айлампага өткөн.

Акыркы айлапмада Чынарбек Изабеков поляк балбан Адам Чожнакини 5:0 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Эске  салсак, Чынарбек Изабеков ушуну менен ардагерлер арасында үчүнчү жолу чемпиондукту алды. Буга чейин 2015-жылы Грециянын борбору Афиныда өткөн Дүйнө биринчилигинде C дивизионунда (45-50 жаш арасы) 85 килограмм салмак боюнча күрөшүп, алтын медаль алган. Ошондой эле 2016-жылы Польшанын Валбжих шаарында өткөн Дүйнө биринчилигине ушул эле дивизиондон 97 килограмм салмакта катышып, анда да чемпион аталган.

Айта кетсек, ардагерлер арасында күрөш боюнча Дүйнө биринчилигине Кыргызстандан 6 балбан жөнөп кеткен. Учурда өлкө куржунунда 2 алтын, бир коло бар.

Copyright © 2017 Maral FM