Биз менен байланышыңыз

Эдил Байсалов Ош облусунда иш сапары менен жүрөт

Кыска кабар | 20 Окт 2021 | 591 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош облусуна иш сапары менен барып, социалдык-маданий объектилердин иши менен таанышты.

Нариман айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып, медициналык тейлөө көрсөтүүнүн сапаты, стоматологиялык пункттун иши жана калкты коронавируска каршы эмдөөнүн жүрүшү менен таанышты.

Аны менен катар Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасына барып, кардарлардан акча алууну жоюу тапшырмасын берди.

«Билим алууну каалаган бардык жарандарга тийиштүү шарттарды түзүү зарыл. Жаңы Министрлер кабинети ал үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алат. Ар бир китепкана эскирген китептерге гана эмес, тийиштүү маалыматты камтыган заманбап материалдарга ээ болуусу керек», — деди Эдил Байсалов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM