Биз менен байланышыңыз

Талант Бегалиев ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 19 Окт 2021 | 2690 | 0

Грециянын Лутраки шаарында ардагерлер арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде Талант Бегалиев алтын медаль алып, дүйнө чемпиону болду.

Эркин күрөштүн E дивизионунда (56-60 жаш арасы) 70 килограмм салмак боюнча күрөшкөн Талант Бегалиев финалда АКШ балбаны Майкл Ли Мадри менен беттешип, 11:0 эсебинде жеңишти алып кетти.

Айта кетсек, Талант Бегалиевдин биринчи беттешиндеги атаандашы орусиялык балбан Евгений Дайндапов килемге чыкпай койгондуктан, жеңиш автоматтык түрдө кыргызстандык балбанга ыйгарылган.

Ал эми чейрек финалдык беттеште ал италиялык балбан Доменико Пиккининини 10:0 эсебинде утуп алган.

Жарым финалда Литвадан келген балбан Антанас Меркевичусту 2-1 эсебинде жеңип, финалдык баскычка өткөн.

Эскерте кетсек, бүгүн ушул эле дивизиондо 130 кг салмак боюнча Сааданбек Ниязов коло үчүн күрөшөт.

Copyright © 2017 Maral FM