Биз менен байланышыңыз

Токон Мамытов акыйкатчы кызматынан кетүүгө арыз жазды

Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 607 | 0

Акыйкатчы Токон Мамытов кызматтан кетүүгө арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Анын арыз жазуусуна Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп жатканы себеп болгон. Маалым болгондой, Токон Мамытов парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан катышат.

Акыйкатчынын арызын эми Жогорку Кеңеш кабыл алып бериши керек. Токон Мамытов бул кызматка 2018-жылы келген.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкер (Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан жана президенттен тышкары), мамлекеттик, муниципалдык ишкананын же мекеменин, 30%дан ашуун үлүшү мамлекетке (муниципалдык) таандык ишкананын жетекчилери жана бөлүм башчылары талапкер катары көрсөтүлгөн учурдан тартып кызматын өткөрүп берүүгө тийиш.

Ал эми катардагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, журналисттер талапкерлиги көрсөтүлгөндөн тартып, шайлоо жыйынтыгы чыкканга чейин кызматын убактылуу токтотуп турат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 29-ноябрда өтөт. Жаңы Башмыйзамга ылайык, парламент 90 депутаттан туруп, алардын 36сы бир мандаттуу округдардан, 54ү партиялык тизме менен шайланып келет.

Copyright © 2017 Maral FM