Биз менен байланышыңыз

Эртеңден тарта Бишкектин айрым жерлеринде 5 күнгө газ өчүрүлөт

Кыска кабар | 17 Окт 2021 | 314 | 0

Бишкек шаарынын айрым райондорунда 18-октябрдан 22-октябрга чейин газ өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы билдирди.

Буга Рухий-Мурас жаңы конушуна газ киргизүү иштери себеп болууда. Мындан улам төмөндөгү аймактарда жана мекемелерде газ болбойт:

  • Путепроводная көчөсү — Чыгыш Чоң Чүй каналы;
  • Виноградная — Ауэзов көчөлөрү;
  • Туңгуч кичи району;
  • Алтын-Ордо конушу;
  • REEMTSMA ЖЧКсы;
  • «Алтын-Ажыдаар» ЖЧКсы;
  • Курулуш материалдар комбинаты;
  • «Жанар» ЖЧКсы.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы ыңгайсыздык үчүн абоненттерден кечирим сурайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM