Бишкек шаарынын айрым райондорунда 18-октябрдан 22-октябрга чейин газ өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы билдирди.
Буга Рухий-Мурас жаңы конушуна газ киргизүү иштери себеп болууда. Мындан улам төмөндөгү аймактарда жана мекемелерде газ болбойт:
- Путепроводная көчөсү — Чыгыш Чоң Чүй каналы;
- Виноградная — Ауэзов көчөлөрү;
- Туңгуч кичи району;
- Алтын-Ордо конушу;
- REEMTSMA ЖЧКсы;
- «Алтын-Ажыдаар» ЖЧКсы;
- Курулуш материалдар комбинаты;
- «Жанар» ЖЧКсы.
«Газпром Кыргызстан» компаниясы ыңгайсыздык үчүн абоненттерден кечирим сурайт.