Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы колдогон жетинчи өкмөт

Саясат | 13 Окт 2021 | 1277 | 0

Президент Садыр Жапаровдун 12-октябрдагы жарлыгы менен Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кызматынан бошотулуп, Министрлер кабинетинин азыркы курамы таратылды. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык, Акылбек Жапаров эми Президенттин администрациясын да жетектейт. Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети президент Садыр Жапаров сунуштаган Министрлер кабинетинин жаңы курамын жактырды. Бүгүн, 13-октябрда парламентте Министрлер кабинетинин жаңы курамына макулдук берүү маселеси каралды. Акылбек Жапаровдун программасы жана ал жетектеген курам боюнча парламенттин жыйынына алдыда кененирээк токтолобуз.

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын алмашуусу жана жаңы курамы боюнча Инстаграмдагы баракчасына түшүндүрмө жазып, анда Акылбек Жапаровду сындабай, ага убакыт берүүнү сунуштаган. Ошондой эле анын ар бир баскан-турган кадамы, кыймыл-аракети толук жеке көзөмөлүндө боло турганын айткан. Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында президент Садыр Жапаровдун конкреттүү милдеттемелерди жана талаптарды койгонун белгиледи.

Жапаров Жогорку Кеңештин трибунасында ушул жылдын аягында мамлекеттик бюджеттин ресурстук бөлүгүн 280 млрд сомго жеткирүү убадасын берди.

«Бюджеттин ресурстук бөлүгүн жогорулатуу үчүн кечиктирилгис чараларды берүү: жергиликтүү жана республикалык бюджетти, социалдык фонддун бюджетин, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин. Бул — бүтүндөй бюджеттик системаны камтыган мыйзамдар. Бюджеттин ресурстук бөлүгүн бүгүнкү күндө жылдын аягында 280 млрд сом менен аяктайбыз деп жатабыз. Президенттин тапшырмасы боюнча 2022-жылы 400 млрд сомго, 2023-жылы 500 млрд сомго, ал эми 2024-жылы 600 млрд сомдун тегерегине жеткизүү. Бул биздин бүгүнкү күнкү ИДПбыз менен тең болот. Биздин ИДПнын дээрлик көпчүлүгү көмүскөдө, ошондуктан аткезчиликти жоюу менен гана бул милдеттемелерди аткара алабыз».

Акылбек Жапаров президенттин ар бир милдеттемелерин ишке ашырууга убада кылып, мындай жогорку ишеним артып жатканына ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал программасы тууралуу да билдирди. Анын айтканына таянсак, Министрлер кабинети төмөнкү багытта иш алпарат:

  • Экономиканы фискалдаштыруу жана санариптештирүү;
  • Айыл чарбасын реформалоо жана азык-түлүк менен камсыз кылуу;
  • Чакан жана орто бизнести колдоо;
  • Көмүскө экономика менен күрөшүү;
  • Аймактардын инфраструктурасын, туризмди жакшыртуу.

Тышкы экономика боюнча Жапаров эркиндиктин төрт баскычын камсыз кыларын айтты:

  1. Товарлардын эркин жүгүртүлүшү;
  2. Элдин эркин жүрүүсү;
  3. Капиталдын эркин жүрүүсү;
  4. Технологиялардын эркин жүрүүсү.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Абдывахап Нурбаев президент билим берүүгө ваучердик системаны киргизүү тапшырмасын бергенине бир жыл болгонун, андан бери эмнеге ишке ашпай жатканын сурады.

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев билим берүүдөгү ваучердик система дегенди биринчи жолу укканын айтты. Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров ваучер эмне экенин билерин айтып, министрдин ордуна жооп берүүгө аракет кылды.

«Жакшы жакка барам. Ваучердик системаны түшүнбөгөндөргө түшүндүрөбүз, же ордуна башка жетекчилер келиши мүмкүн».

Министрлер кабинетинин жаңы курамында төраганын төрт орун басары каралган. Аны менен бирге УКМКнын төрөгасынын кызматы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматы менен бириктирилген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев парламенттин жалпы жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып, өлкөдө бир кылмыштуу топ баш көтөрсө, «башын жанча» турганын убадалады.

«Кылмыштуулук боюнча акыбал бир жыл мурда кандай эле, жакшы билесиздер. Бир жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтор мамлекетти бүт ороп алган эле. Түштүктө өзүнчө мафиясы бар, түндүктө өзүнчө бар. Кылмышкерлер бири «мыйзамдагы ууру» болуп, бири «положенец» болуп, мамлекетти ороп алды эле. Керек болсо мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга, мамлекеттик ишканаларга кол сала башташкан. Бүгүнкү күндө андай жок. Азыр бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү, жетекчисиби, башкасыбы, башын көтөрүп көрсүн, «башын жанчабыз». Бири да башын көтөрө албайт».

Жыйында депутаттар ошондой эле кыргыз-тажик чек арасы боюнча иштер кандай жүрүп жатканына кызыгышты. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев акыркы күндөрдө Тажикстан менен жазган чек ара 90 чакырымга барып калганын маалымдады.

«Көпчүлүгү чек ара маселеси токтоп калды деп ойлоп жатса керек, бирок андай эмес. 3-4 күн болду, чек ара боюнча мамлекеттик комиссия тажик тарап менен Исфана шаарында жолугуп, дагы 8,5 чакырым жерди жазып келдик. 114 чакырымды жазып бүткөндөн кийин экинчи этапка өтөбүз. Башкача айтканда, чек араларды аныктоо боюнча иштер толук жүрүп жатат. Акыркы убакта Тажикстан менен болгон чек араны аныктоо иштери активдеше баштады. Себеби, билесиздер, алар менен болгон чек ара жабык. Чек ара жабык болгону үчүн, жана башка бир нече себептерден улам активдеше баштады».

Бир катар депутаттар бул жолку Министрлер кабинетине ар түрдүү сын-пикирлерди жана сунуштарды айтышты. Ошондой эле ишин жөндөй албаган аткаминерлерден азыртадан арылып, мамлекеттик органдардын аппараттарын оптималдаштыруу зарылдыгын белгилешти.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар Президент тарабынан сунушталган Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрүн дайындоого макулдугун беришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Министрлер кабинети толук кандуу ишке киришти

Copyright © 2017 Maral FM