Биз менен байланышыңыз

Министрлер кабинети толук кандуу ишке киришти

Кыска кабар | 13 Окт 2021 | 776 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык менен Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттик администрациянын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

Президент Садыр Жапаровдун башка бир жарлыгына ылайык, Министрлер кабинетинин орун басарлары дайындалды.

Жарлыктарга ылайык:

—        Кожошев Арзыбек Орозбекович — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды;

—        Аалиев Азиз Кубанычбекович Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

—        Байсалов Эдиль  Жолдубаевич Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

—        Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

Президент Садыр Жапаров кол койгон дагы бир жарлыкка ылайык, Министрлер Кабинетинин министрликтеринин жетекчилери дайындалды.

Жарлыктарга ылайык:

—  Амангелдиев Данияр Жолдошевич экономика жана коммерция министри болуп дайындалды;

— Бакетаев Алмаз Кушбекович финансы министри болуп дайындалды;

— Казакбаев Руслан Айтбаевич тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

—  Баетов Аяз Батыркулович юстиция министри болуп дайындалды;

— Осоев Эркинбек Арстанбекович транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович айыл чарба министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Бекмурзаев Доскул  Жумагулович энергетика министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Кутманова Динара Асиевна жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович саламаттык сактоо министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Купешов Болотбек Дүшекович билим берүү жана илим министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Жаманкулов Азамат Капарович маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды;

— Базарбаев Кудайберген Базарбаевич эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич коргоо министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Ниязбеков Улан Омоканович ички иштер министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Ажикеев Бообек Эргешевич өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

Copyright © 2017 Maral FM