Биз менен байланышыңыз

Инвестициялар министрлиги жоюлуп, экология министрлиги түзүлдү

Кыска кабар | 12 Окт 2021 | 513 | 0

Министрлер кабинетинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл аттуу жаңы министрлик түзүлдү. Аны Динара Кутманова жетектемей болду.

Ушул жылдын 11-апрелинде жаңы Конституция кабыл алынды. Анда мамлекет тараптан инвесторлорго шарт түзүп берүү жана аларды коргоо боюнча атайын берене камтылган. Андан соң Инвестициялар министрлиги түзүлгөн.

Министрлер кабинетинин жаңы түзүмүнө ылайык, инвестициялар министрлиги жоюлган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети президент Садыр Жапаров сунуштаган Министрлер кабинетинин жаңы курамын карап, аны жактырды.

Ага ылайык, министрлер кабинетинин жаңы курамы төмөнкүчө:

— Министрлер кабинетинин төрагасы — Акылбек Жапаров;
— Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары — Арзыбек Кожошев;
— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Азиз Аалиев;
— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Эдил Байсалов;
— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы — Камчыбек Ташиев;
— Экономика жана коммерция министри — Данияр Амангелдиев;
— Финансы министри — Алмаз Бакетаев;
— Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
— Юстиция министри — Аяз Баетов;
— Транспорт жана коммуникация министри — Эркинбек Осоев;
— Энергетика министри — Доскул Мырзаев;
— Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — Динара Кутманова;
— Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри — Кудайберген Базарбаев;
— Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри — Азамат Жаманкулов;
— Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
— Билим берүү жана илим министри — Болотбек Купешев;
— Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;
— Коргоо министри — Бактыбек Бекболотов;
— Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM