Биз менен байланышыңыз

Парламент Өкмөттүн кадрларын жактырды

Күн чекит | 29 мая 2019 | 1308 | 0

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев иштен бошотулган министрлик жана ведомстволордун жетекчилери өз каалоолору менен кызматтарын тапшырышканын маалымдады. Ошондой эле, министрликтерге Өкмөт тарабынан колдон келген шарттар түзүлгөнүн, бирок алардын иштеринде бир топ жетишсиз жагдайлар орун алгандыгын, коомчулук тарабынан дагы көптөгөн сындар айтылып келе жаткандыгын кошумчалады.

— Ар бири өзүнүн колунан келген ишти аткарды. Бирок Экономика министрлигинин негизги милдети болгон инвестиция жаатында бир топ кемчиликтер болду. Айыл чарба министрлигинде экспорт маселеси боюнча коомчулукта талкуу, нааразычылыктар жаралды. Биз колубуздан келген шарттарды түзүп бердик. Тилекке каршы, натыйжа коом каалагандай, эл күткөндөй болгон жок. Мындай жооптуу кызматтарга жүрөгү менен берилип иштебесе, коюлган милдетти алып кете албайт. Аталган министрликтердин алдында инвестиция тартуу, өндүрүлгөн товарларды экспорттоо, аймактар менен туризм тармагын өнүктүрүү, санариптештирүүнү жолго коюу, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу сыяктуу бир топ иштер турат.

Өкмөт башчынын маалыматынан соӊ, кызмат орундарына талапкерлер өз иш-пландары боюнча учкай маалымат беришти.

Экономика министрлиги өлкөнүн экономикасынын жүрөгү экендигин баса белгилеген депутат Бакирдин Субанбеков аталган министрликке сунушталып жаткан Санжар Муканбетовдун программасында аткезчилик жөнүндө айтылбагандыгына токтолду.

— Экономика министрлиги — биздин экономиканын жүрөгү. Санжар Турдукожоевич, сиздин баяндамаңызды уктук. Кагаз жүзүндө жакшы даярдалыптыр, эми ошону иш жүзүндө көрсөтүш керек. Аткезчилик биздин бюджетке абдан чоң залалын тийгизип жатат. Аткезчилик жөнүндө бир дагы жакшы сөз уккан жокмун. Министр болуп калсаңыз, кандай иштерди жүргүзөсүңөр? Кантип күрөшөсүңөр?

Өткөн жылы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин сунушу менен айдалган картошканын баасы арзан болуп, Нурбек Мурашев жетектеген министрликтин дарегине сындар көп айтылган.

Мындан улам, эл өкүлү Ирина Карамушкина коюлган тапшырманы аткара албаган министрлердин жумуштан кетүү менен эле чектелгендиги боюнча маселе көтөрдү.

— Менин мурунку кесиптешим Мурашев жумуштан кетти. Бөлмөсүнөн картөшкө белекке алып, артына чоң көйгөй калтырды. Мага кызык, ал ардактуу эс алууга кандай негизде кетти? Коюлган маселелердин бирин да чече алган жок. Эмнеге министрлердин баары аткарган иштери үчүн жооп бербей, жумуштан кетип эле тим болушат. Менин оюмча, бул маселеде ар бир министрликте ачык эшик күнүн уюштуруу керек.

Жаңы министрлер элдин ишенимине ээ болуу үчүн көзгө көрүнүктүү өзгөртүүлөрдү жасашы керек. Башка өлкөлөргө көлөм жагынан атаандаша албаганы менен Кыргызстандын экологиялык таза өндүрүмдү чыгаруу мүмкүнчүлүгү жогору. Андыктан, «Эко» бренди менен товар экспортоону эки министрлик колго алуусу керек. Мындай сунушун депутат Жанар Акаев берди. Ошондой эле, ал элге жакын талапкерлерди өкмөткө тартуу керектигин кошумчалады.

— Бир министрлик бошосо эле, коомчулук өзүнүн талапкерин сунуштап калды. Анткени, өкмөттө чындыгында элге жакын, элди билген талапкерлердин аз болуп жаткандыгы себеп. Жаш талапкер чыгып жатпайбы Тилек Токтогазиев деген. Мүмкүн болсо, аларды душман катары карабай, өкмөткө тартып, пайдаланып, келечек үчүн ошолорду кадр катары даярдаганга сиздер аракет кылышыңыздар керек. Мына Дастан Догоев жөнүндө да коомдук пикир жакшы. Соңку мыкты дайындоолордун бири болуп жатат.

Мухамедкалый Абылгазиев премьер-министрлик кызматка келгенден бери 9 министр, 3 комитеттин төрагасы кызматтан алынган. Мындан улам, эл өкүлү Максат Сабиров бул жагдайларды эске алганда, балким өкмөт башчы моралдык жоопкерчилик тартуусу керек деген пикирин айтты.

— Мына бир жылдан кийин команда топтоп жатам деп жатасыз. Ушул команда менен иштейм деп айттыңыз. Эми сиз үйрөнгөнгө чейин Кыргызстан тура береби? Сиздин айланаңызда бир топ сөздөр болду. Бажаңыз боюнча, кайнежеңизге акча которгонуңуз боюнча коомчулукта сын пикирлер көп айтылды. Бул маселелер боюнча комиссия да түзүлдү. Ушул иштерден кийин сиздин моралдык негизде иштегенге укугуңуз барбы? Мен муну айтып жатканымдын себеби, баарыбызга белгилүү Бабанов деле бир аттын айынан кеткен.

Мындан тышкары, эл өкүлдөрү тарабынан өндүрүлгөн мөмө-жемиштердин экспортолуусу, ЕАЭБдин алкагындагы соода жүргүзүү жана санариптештирүү боюнча суроолорун берип, сунуштарын айтышты.

Жыйынтыгында, Жогорку Кеңеш Экономика министрлигине Санжар Муканбетовдун, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчилигине Самат Кылжыевдин жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин талапкерлигин жактырды.

Copyright © 2017 Maral FM