Биз менен байланышыңыз

Factcheck.kg Алымкадыр Бейшеналиевдин жана үй-бүлөсүнүн бизнесин иликтеди

Кыска кабар | 12 Окт 2021 | 917 | 0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана аны үй-бүлөсүнүн кандай мүлкү бар экенин Factcheck.kg порталы иликтеп чыкты.

Андагы маалыматтарга таянсак, министр Бейшеналиев буга чейин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын хирургия бөлүмүнүн башчысы кызматын 16 жыл аркалаган. Ошол кезде Чүй облусунун Кемин районундагы «Сабирдин» дыйкан чарбасынын башчысы да болгон. Бирок бул дыйкан чарбасы Юстиция министрлигинде катталган эмес.

Ошондой эле Бейшеналиев бөлүм башчы болуп туруп, Жогорку Кеңештин депутаты болууга бир нече жолу аракет кылганы ачык булактардан белгилүү.

Factcheck.kg порталынын маалыматына караганда, Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министри кызматына киришкенден алты ай өткөндөн кийин «Чечей» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү болгон. Ал «Жал» кичи районундагы №29 үйдө катталган.

Бейшеналиевдин «Беймарал» микрокредиттик компаниясы ушул эле даректе жайгашкан. Ал 2012-жылы негизделген. Компания 2015-жылга чейин жалпысынан 71 миң сом салык төлөгөн. Улуттук банктын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө «Беймарал» микрокредиттик компаниясынын лицензиясы жок.

Мындан тышкары Бейшеналиев «Арча Бешик» мектеп комплексинин негиздөөчүлөрүнүн бири экени аныкталган. Мектеп 2018-жылы катталган. Factcheck.kg порталынын журналисттери мектептин директоруна телефон чалып, мекемеде 400 окуучу окуп жатканын аныкташкан. Ал жерде жылдык окуу акысы 27 миң сомду түзөт.

Бейшеналиевдин жубайы жана анын бизнеси

Алымкадыр Бейшеналиевдин жубайы да ишкер экени маалым болгон. Бейшеналиев министр болуп дайындалгандан бир нече ай өткөндөн кийин, анын аялы Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан «Париж КО» ЖЧКсынын негиздеген.

«Париж КО» компаниясы Ысык-Көлдөгү коттедждерди сатуу жана ижарага берүү менен алектенет. Аймактын жалпы аянты 15 гектар, анда 75 коттедж, 88 батир, эки пляж, ысык суу чыккан булактар бар.

Порталдын маалыматы боюнча, министрдин уулу Мар «Драйв» компаниясын жетектейт. Компаниянын негиздөөчүсү — Курманова Замира Марленовна. «Фактчектин» божомолдору боюнча, Юстиция министрлигинде уюштуруучунун атында ката бар; компания апасы Замира Марленовна Кулматовага катталган.

Алымкадыр Бейшеналиевдин кызы Салтанат. Анын социалдык тармактагы баракчасынан алынган маалыматка караганда, ал — «Беймарал» микрокредиттик компаниясынын директорунун орун басары. Ошондой эле былтыр парламенттик шайлоо учурунда «Мекенчил» партиясынын ишенимдүү адамы болгон.

Factcheck.kg порталы Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри кызматын ээлеп турган Алымкадыр Бейшеналиев «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамда тыюу салынган ишкердик ишин улантууда деп эсептейт.

Copyright © 2017 Maral FM