Абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого талапкер катары катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Ал 12-октябрда кароолдун коштоосунда БШКга алып келинди.
Равшан Жээнбеков соттолбогондуктан депутаттыкка талапкер катары катталууга укугу бар экенин айтты.
Буга чейин ал бир мандаттуу округдан шайлоого ат салышуу ниетин билдирген, бирок БШК анын арызын кабыл алган эмес. Талапкер арыз берүү үчүн БШКга өзү келиши керек деген талап болгон. Равшан Жээнбеков аны кароолдун коштоосунда жеткирүүнү суранып, сот макул болгон.
Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган.