Биз менен байланышыңыз

Аткезчилик үчүн соттолгон экс-депутат кайра талапкерлигин койду

Кыска кабар | 12 Окт 2021 | 760 | 0

Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалып, кийин Кыргызстанга экстрадицияланып, 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу депутаттыкка талапкерлигин койду.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды. Дамирбек Асылбек уулу  11-октябрда арыз берген, ал №25 Ак-Суу округунан өзүн-өзү көрсөттү.

2018-жылы Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалган 29 адамдын ичинде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу да болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. 2018-жылдын апрель айында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандатынан ажыраткан.

Декабрда экс-депутат казак жарандыгынан ажыратылган. Асылбек уулу өзү сот башталган күнү Кыргызстандын жараны экенин айтып, аны Кыргызстанда соттоону өтүнгөн.

2019-жылы ноябрда экс-депутат Казакстандан эстрадицияланган жана Кыргызстандын Жогорку Соту ага карата Казакстанда чыгарылган сот чечимин — 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдү күчүндө калтырган.

Экс-депутат Жазык кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү («Уюшкан кылмыштуу топ түзүү»), 204-беренесинин 4-бөлүмү («Аткезчилик») менен айыпталган.

Бир мандаттуу округдардан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин тизмеси бул шилтемеде. 

Copyright © 2017 Maral FM