«Бишкексууканал» башкармалыгынын маалыматы боюнча, эртең, 12 -октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин шаардын айрым райондорунда таза суу болбойт.
«Гагарин», «Түштүк-Батыш» суу алуучу жайларында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө суу үзгүлтүккө учурайт:
Жунусалиев, Чайков, Айни, Лев Толстой, Садырбаев, Космическая, Жумушчу шаарчасы, Айыл чарба институту, «Ак Өргө», «Ак Ордо» жаңы конуштары (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк бөлүгү), Теңир Тоо (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн) чектешкен аймакта.