Быйыл 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого 194 талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Талапкерлерди каттоо 13-октябрда, ал эми документтерди кабыл алуу 18-октябрда аяктайт.
Кыргызстанда 36 округ бар, анын ар биринен талапкерлер көрсөтүлүшү мүмкүн. Талапкерлердин толук тизмесин бул шилтемеден көрүңүз.