Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы: Электрондук эсеп-фактура көмүскө рынокту кыскартты

Кыска кабар | 11 Окт 2021 | 559 | 0

Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактуралар киргизилгенден кийин кошумча нарк салыгы боюнча түшүүлөр көбөйө баштаганын кабарлады.

2021-жылдын 9 айында КНС боюнча түшүүлөр 29 млрд 425,6 млн сомду түздү. Бул 2020-жылдын ушул мезгилинен 9 млрд 868 млн сомго көп.

Салык кызматы электрондук эсеп-фактура киргизилгенден кийин көмүскө рынок кыскара баштаганы байкалганын билдирет, бул республикалык бюджетке кирешелердин өсүшүнө да оң таасирин берет.

2021-жылдын 1-октябрына карата система ишке киргенден бери 15 439 ишкер электрондук эсеп-фактураларды колдонуп келишкен. Бул жалпы жүгүртүүдөгү 1 трлн 222 млрд 490 млн сомго 8 млн 489 миң 698 электрондук эсеп-фактуралар таризделген.

2020-жылдын 1-июлунан тарта бардык кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр жана товарлардын импорттоо жана экспорттоо менен алектенген субъекттер электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө колдонууга өтүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM