Connect with us

Чүй: Турак үй өрттөнүп, бир адам каза тапты

Кыска кабар | 11 Окт 2021 | 322 | 0

Чүй облусунун Москва районунда турак үй өрттөнүп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 10-октябрь саат 23:35 чамаларында «101» кыска номерине Москва районундагы Петровка айылынын Водоёмный көчөсүндөгү үй өрттөнүп жатканы боюнча чалуу түшкөн.

ӨКМдин Москва райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жерине 23:47де жетип, саат түнкү 1де өрт толук өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн чыгуу себептери жана каза тапкан эркек кишинин аты-жөнү такталып жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM