Эртең, 11-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан, тоолуу райондорго кар жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарында, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында жаан, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +4…+9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +9…+11.